10:49 21 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Видео

Аяз ата, Аяз кыз, президенттен белек. Атамбаев президенттик балатыга катышты

Кыскача шилтеме алуу
16710
© Sputnik / Эмиль Садыров

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев президенттик балатыга катышып, балдарга белек тапшырды.

Майрамдык иш-чара Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү.

Ага мыкты окуган, олимпиаданын жеңүүчүлөрү, эл аралык сынактардан жеңген өлкөнүн бардык аймактарынан 1100 окуучу бала чакырылган. Майрамга балдар үйүнүн тарбиялануучулары да келди.

Балдарга театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, майрамдык маанай тартууланды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө үмүттү эч качан жоготпоо керектигин айтты.

"Кыргыз элинде билимдүү миңди, билектүү бирди жыгат деп бекеринен айтылган эмес. Жүрөгүңөрдө үмүт болсо, аны эч качан өчүрбөгүлө. Тилектин бирөө келип аткарып бербейт, ага жетүү үчүн өмүр бою аракет кылуу керек", — деди Атамбаев.

Өлкө башчысы балдарга арналган сөзүндө чет тилди үйрөнүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тема боюнча

Жаңы жылда Бишкекте кар жаап, суук болот
31-декабрда Бишкектин айрым борбордук көчөлөрү жабылат
Белгилер:
балдар, Жаңы жыл, Алмазбек Атамбаев

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ