"Манас": чалма жана тебетейчен президенттер. Атамбаев менен Роухани жылуу көрүштү

Жазылуу
22-декабрдын кечинде Кыргызстанга келген Ирандын башчысы Хасан Роуханини президент Алмазбек Атамбаев жана кыргыз аткаминерлери "Манас" аба майданынан тосуп алды.

Иран мамлекетинин президенти Хасан Роуханинин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Президент Роуханинин иш сапарынын алкагында кыргыз-иран бизнес-форуму өтөт
Иран президентинин келишине карата аба майданда Улуттук Гвардиянын Ардак кароолу тизилип, эки элдин гимни жаңырып, мамлекеттик желектер көтөрүлдү.

Атамбаев Роухани менен аны тосуп турган президенттик аппараттын кызматкерлери жана кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү менен тааныштырды.

Эртең, 23-декабрь күнү расмий сапардын алкагында эки президент тар жана кеңейтилген чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эл аралык жана регионалдык маселелерди талкуулашат. 

Мындан тышкары, Иран президентинин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу жана кыргыз-иран бизнес-форумуна катышуусу күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0