Адамды өлтүрө сүзүүгө шектелген жаран: жабыркоочу ооруканага баруудан баш тарткан

Жазылуу
Тез жардам кызматына 2-октябрь күнү №47 түзөтүү колониясынын жанында канга боелгон адам жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Медицина кызматкерлери жабыркаган адамды ажалдан сактоого жетишпей калышкан.

Бишкек шаардык Кайгуул милиция башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнү кырсык болгондон эки жарым ай өткөндөн кийин кармашкан. 

"Жөө жүргүнчүнү койдуруп кетүүгө шектелип 40 жаштагы Баткен облусунун тургуну кармалды. Ал 2-октябрда саат 19.00дө Бишкек шаарына алыс эмес жайгашкан Күн-Туу айылынын аймагында адамды койдуруп кеткендигин моюндады. Ал унаасын токтотуп, жабыркаган жаранды ооруканага алып жөнөгөн. Биздин версия боюнча, жабыркоочу өлүп калды деп ойлогон айдоочу аны №47 колониянын жанына таштап кетип калган", — деп Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын издөө бөлүмүнүн начальниги Ажыбек Майназаров билдирди. 

УВД: Водитель, задавивший ребенка, находится на свободе - Sputnik Кыргызстан
Кайгуул милициясы: мас айдоочу наристе менен кош бойлуу аял отурган унааны сүзүп кетти
Ал эми шектүү жаракат алган жөө адам тирүү болгондугун, бирок медициналык жардам алуудан баш тартканын билдирген. Аны ооруканага жакын жерге таштап кетүү кеңешин тууганы бергенин айткан. Тергөөчүлөр Тез жардам кызматына шектүүнүн тууганы телефон чалганын аныкташты. Ал болжол менен 21.00дө тагыраагы кырсыктан эки саат өткөндөн кийин чалган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктары жөө жүргүнчүнүн сөөктөрү көп жеринен сынганын көрсөткөн. 

Учурда бул иш боюнча Кылмыш жаза кодексинин 281-беренесинин 2-бөлүгү (жол эрежесин сактабагандык) жана 121-беренесинин 2-бөлүгү (кооптуулукка калтыруу) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0