Атамбаевди Индияга болгон сапары: атылган замбиректер жана тизилген аскерлер

Жазылуу
Алмазбек Атамбаевди Индиянын президенти Пранаб Мукхерджи жана премьер-министри Нарендра Моди тосуп алышты.

Празднование национального флага в Индии - Sputnik Кыргызстан
Шафран жана бешбармак: Кыргызстан жана Индия тууралуу 13 факт
Протоколдук сүрөткө түшүүдөн кийин эки өлкөнүн гимндери жаңырды. Андан соң Атамбаев Индиянын аскерлеринин үч түрүнөн куралган катарды кыдырып чыкты.

Мамлекет башчысы бул визит Кыргызстан менен Индия ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү болот деп үмүттөнөөрүн билдирди.

Президенттин айтымында, Индия миллиарддан ашык калкы бар чоң мамлекет. 

"Биздин өз ара мамилелерде динамикалуу өнүгүү жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү үчүн пайдаланыла элек чоң мүмкүнчүлүктөр бар", — деди ал.

Андан соң Атамбаев Махатма Гандинин Мемориалына гүл коюу аземине катышып, ардактуу коноктор китебинде жазуу калтырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0