Башкы балатынын оту жанды! Жомоктогудай кубулган "Ала-Тоо" аянты

Жазылуу
Эгер балатынын расмий жанышын көрбөй калсаңыз бул видеону көрсөңүз болот!

19-декабрь күнү Кыргызстандын башкы балатысы жанып, жомок каармандары шаардыктарды январдын ортосуна чейин кубандырып турмакчы.

Sputnik Кыргызстан салтанаттуу иш-чараны даярдоо учурунда болгон кызыктуу фактыларды таап чыкты. 

Аяз ата жана аяз кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар менен ырчылар Аяз атага кат жазды
"Ала-Тоо" аянтын жаңы жылдык мааракеге карата кооздоо иштерин аткарууга "Тазалык" менен "Бишкекжарык" ишканаларынын 40 кызматкери тартылган. 

Кыргызстандын башкы балатысына улуттук стилдеги 77 жасалга илинген. Мындан тышкары, 60 жылдызча жана 50 кар бүртүкчөлөрү менен кооздолгон. 

Балатыдагы оюнчуктардын жалпы саны 1200дү түздү. 

Ошондой эле 260 гирлянда илинди. Анын узундугу 2,5 чакырымга жетет. 

"Ала-Тоо" аянтынын бет маңдайында диаметри эки метрлик 12 шар, алты бугу, Аяз ата жана Кар киши коюлду. 

Жаңы жылдык маанайды жаратуу үчүн мэрия 13 миллион сом сарптады. Бул кооздук январь айынын ортосуна чейин көз кубандырып турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0