Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Шаар бийлиги жайма базарга каршы күрөш тууралуу айтып берди

Жазылуу
Учурда борбор калаанын муниципалдык кызматтары шаар аймагындагы жайма базарларды аныктоо боюнча жигердүү иш алып барууда. Бул тууралуу алар Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында айтып беришти.

Бишкек ШИИБдин уруксат берүү бөлүмүнүн жетекчиси Камбаралы Дөөлөталиев жаңы жыл алдында пиротехниканы кантип тандоону айтып берди

"Пиротехниканы сатып алууда аны колдонуу боюнча кыргыз орус тилдеринде түшүндүрмөсү болушу керек. Ошол эле учурда жарамдуу мөөнөтүн кароо керек. Эски болуп калса, колдонуп жатканда жарылып кетип, адамга коркунуч туудурушу мүмкүн", — деди ал.

Дөөлөталиев ошондой эле алардын кызматкерлери мектептерге, окуу жайларга барып пиротехниканы кандай пайдалануу керектиги боюнча лекцияларды окула турганын кошумчалады.

Мусор на городских рынках Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жыл ичинде 540 жайма базар жабылды
Ленин райондук администрациясынын башчысынын орун басары Адилет Малдыбаевдин айтымында, жыл башынан бери Бишкекте 540 мыйзамсыз жайма базар жабылган. Муниципалдык кызматтар дары-дармектин мыйзамсыз сатуу аракеттерин аныктоо боюнча да иш жүргүзүп жатышат. 

Акыркы жолу рейд Кулиев көчөсү менен "Берекет" базарынын аймагында жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө аталган жерде соодагерлердин баары лицензиясыз жана сапат сертификатысыз иштей турганы маалым болгон. Мындан тышкары, Ош базарынын аймагынан дары-дармек сактаган үч кампа аныкталган.

"Жаңы жыл алдында шаар көчөлөрүндө пиротехника каражаттарын мыйзамсыз сатуу фактысы көбөйүп жатат. Мэрия учурда пиротехника сатуу үчүн атайын базар ачуу үчүн жер издеп жатат. Бул пиротехникалык каражаттарды тийиштүү шартта сактоочу кампалардын аздыгына байланыштуу. Андай базар ачылгандан кийин байма-бай рейд өткөрүү зарылчылыгы төмөндөйт", — деди Экотехинспекциянын өкүлү Данияр Исмаилов.

Рейддин жыйынтыгы менен мыйзам бузгандарды сот күнөөлүү деп тапса, ага эки миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0