Кыска метраждуу тасмалар фестивалынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды

Жазылуу
Бүгүн, 15-декабрда "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" эл аралык фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

Кино жана театр актрисасы Жамал Сейдакматова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жамал Сейдакматовага арналган документалдуу тасма көрсөтүлөт
Кино сынакта жалпысынан 26 тасма ат салышкан. Алардын 12си улуттук болсо, 14ү эл аралык кинолор болду. 

Калыстар тобу Дарежан Омирбаев, Вирджилиу Мерджиняну, Элла Манжеева, Таалайбек Кулмендеев жана Мансур Васатиден турду. 

Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргызстандын кинематографисттер бирикмеси, Маданият министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти жана "Айтыш" коомдук фондусунун колдоосу менен өткөрүлдү. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" эл аралык фестивалынын медиа өнөктөшү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0