Курттаган эт, сасыган жер — Бишкектеги тез татым жайларында тамактар кантип жасалат

Жазылуу
Тез татым жайларында тамактар кандай жасала турганы тартылган фото, видеолор журналисттердин колуна тийди.

Тез татым тармактарында иштеп кеткен кызматкерлер ал жактагы абал тартылган видеону алып келип берди.

Анда айрым ингредиенттер санитардык нормаларга жооп бербеген шартта даярдалганы даана көрүнөт. Курттап кеткен эт, ваннада жуулуп жаткан салат жалбырактарын көрүүгө болот.

"Ал жак абдан сасык. Санитардык норма такыр сакталбайт, абдан кир", — деп видеону тартып алган киши айтат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул видео кайсы компаниянын аймагынан тартылганын атабайт. Ошентсе да агенттиктин журналисти Begemot, "Антошка", "Домино", "Евразия" жана Nathan's тез татым жайларынын гамбургерлерин лабораторияга текшерүүгө берди. Беш гамбургердин бирөөсү гана талапка жооп берери аныкталды.

Иликтөө материалы менен кеңири Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан таанышыңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0