Бишкекте эң ири Mannequinchallenge флешмобу өттү

Жазылуу
Бишкектеги соода борборлорунун биринде MannequinChallenge ("Убакытты токтот") флешмобу өттү.

Коран - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эстрада жылдыздары Куран окуу боюнча флэшмоб баштады
Флешмоб улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналып, дүйшөмбү күнү саат 17.00дө тартууланды. Ага 100гө чукул киши катышты.

Соода борборуна келген кардардын көбү иш-чарага катышуудан баш тарткандыктан MannequinChallenge флешмобу толук кандуу максатына жетпей калды.

Акыркы эки айдан бери Интернет айдыңында MannequinChallenge флешмобунун даңкы барган сайын артып барат. Акцияга шоу-бизнестин өкүлдөрү, спортчулар, саясатчылар жана жай тургундар да катышууда. Максаты — операторлордун бир орунда катып калган адамдарды видеого тартып, андан соң Интернетке жайгаштыруу.

Жаңылыктар түрмөгү
0