Кичинекей баласы бар үй-бүлө ным тарткан үйдө кыштап жатат

Жазылуу
Өрттүн айынан 22 киши үй-жайсыз калган. Быйыл аба ырайы да жаанчыл болгондуктан, имарат ным тартып кеткен. Акчасы бар үй-бүлөлөр башка жактан батир таап кетишкен. Ал эми өрттөнүп кеткен имаратта эки үй-бүлө жашап жатат.

2015-жылы 10-мартта Сокулук районунун Шопоков шаарындагы эки кабаттуу жатакана күйүп кеткен. Ал жакта жашагандардын айтымында өрт бир тургундун электр мешин өчүрбөй кеткендиктен чыккан. 

Анын кесепетинен 22 киши үйү жок калышкан. Экинчи кабаттагылары башка жакка көчүп кетишсе, биринчи кабаттагы эки үй-бүлө ал жакта жашап жатат. Быйыл аба ырайы жаанчыл болгондуктан имарат ным тартып, дубалдары урай баштаган.

"Балдарым такай ооруйт. Кийимдери ным болуп калат. Аны жылыткычка кургатам. Жарык өчүп калса, бизде жашоо токтоп калат. Бийлик бизге жер бөлүп беребиз деп сөз берип келишет. Жакында бул жакта ушундай шартта жашап жатканыбызга эки жыл болот", — деди Перизат Ибраева.

Айла жоктун амалы: күйүп кеткен үйдө күн кечирген үй-бүлөлөр - Sputnik Кыргызстан
Айла жоктун амалы: күйүп кеткен үйдө күн кечирген үй-бүлөлөр
Анын айтымында ӨКМдин кызматкерлери үйдү авариялык абалда деп тапкан. Бирок ага карабай Ибраеванын үй-бүлөсү бул жакта жашап келет.

Перизат өзү жергиликтүү ооруканада медайым, күйөөсү ал жакта кароолчу болуп иштейт. Экөө тең төрт миң сомдон айлык алышат. Үч баласы бар, улуусу 10-класста окуйт. Күчүүсү 2 жашта.

Буга чейин Шопоков шаарынын мэри Сулейман Умаралиев Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде жерди бөлүп берүү үчүн юридикалык маселелер калганын айткан.

"Мыйзамды бузуп, трансформация болбогон жерлерди бере албайм", — деди Умаралиев.

Ал өз сөзүндө үйү күйүп кеткендер үчүн кейип жатканын айтып, үйү жок калгандарды жергиликтүү бала бакчага жайгаштырганын белгиледи. Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен биргеликте аларды азык-түлүк менен камсыздаган. Андан сырткары ар бир үй-бүлөгө 20 миң сомдон бөлүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0