Жаш манасчылар жаңырткан улуу баян. Жалал-Абадда "Манас" эпосунун күнү белгиленди

Жазылуу
Манас күнү жыл сайын 4-октябрда белгиленип келет.

Улуттук кийим кийген актерлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башканы коюп Манасты айт. Каармандарды кандай билесиз, тесттен өтүңүзчү…
Жалал-Абад шаарында Манас күнүнө карата окуучулар арасында Манас айтуу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага облуста жайгашкан 14 мектептин 8 жаштан 15 жашка чейинки 100гө чукул окуучусу катышты.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара ар улуттагы жаштардын башын бириктирүү максатын көздөйт. Салтанаттын ардактуу мейманы болгон манасчы Алимбай Матов эпос ар улуттун өкүлдөрүн бириктирип, ынтымакты даңазалаган улуу баян экенин белгилеп өттү.

Иш-чара "Мекеним менин Кыргызстан" долбоорунун алкагында Тарых жана маданият жылына арналды.

Эскерте кетсек, Манас күнү жыл сайын 4-декабрда өкмөттүн токтомунун негизинде белгиленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0