Атамбаевдин маалымат жыйыны: кадр саясатынан тарта элди бөлгөндөргө чейин

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев кыштын биринчи күнү "Ала-Арча" резиденциясында маалымат жыйын куруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Маалымат жыйын төрт саатка созулуп, өлкө башчы көптөгөн маселелерге токтолду. 

"Президенттик кызматтагы жетишкендигим элдин жүрөгүн ойготту. Мындан ары Кыргызстанды такыр башка мамлекет катары көрөм. Саясаттан акча таап, элди бөлгөндөрдүн заманы бүттү. Мына буюрса бир жыл убактым калды. Жакшы иштеп берип, кийин эл ыраазы болуп турса ошол жетиштүү", — деди Атамбаев. 

Өлкө башчы маалымат жыйында кадр саясаты, Кыргызстандагы сөз эркиндиги, "Себат" мектептери, ГЭС курулуштары жана бир катар маанилүү маселелерге токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0