Манасчылар күпүлдөтүп, күндөп-түндөп тынбай "Манас" айтып жатышат

Жазылуу
27-ноябрдан 4-декабрга чейин жети күн, жети түн бою тынбай "Манас" айтылат.

Белгилүү манасчы Рысбай Исаков "Манас" айтуу менен аны угуу маданиятын өнүктүрүү замандын талабы экенин билдирди. 

"Башкаларды туурап деле чарчап бүттүк. Бул иш-чара аркылуу өзөк маданиятыбызга кайтып келүүгө аракет кылып жатабыз. Кыргыздын өзөк маданиятын "Манасы" жок элестетүү кыйын", — деди Исаков.

Ал ошондой эле буга чейин Сагынбай, Саякбай манасчылардын дагы күндөп түндөп, жумалап "Манас" айткан деген уламыштар бар экенин Исаков кошумчалады.

Жети күн, жети түн тынбай айтылган Манасты Sputnik Кыргызстан агенттиги түз эфирден алып берүүдө. Видеону бул жактан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0