Күрп-Сай ГЭСинин бийиктиктен тартылган көрүнүшү

Жазылуу
Күрп-Сай ГЭСи — Кичи-Нарын гидроэлектростанциялар каскадынын экинчи тепкичи. Ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Токтогул ГЭСинен 40 чакырым аралыкта орун алган.

Токтогул суу сактагычындагы электр станцияларды башкарган зал - Sputnik Кыргызстан
Токтогул ГЭСинин ичи кандай? Сүрөттө калган ирмемдер
Нарын дарыясындагы плотина аймагындагы капчыгайдын 35-40 градус болгон тик жерлеринин бийиктиги 180-380 метрге чукулдап барат. ГЭС Бишкек-Ош жолунун 426-349 чакырымдарына жакындайт, ага Разан-Сай айылы жакын жайгашкан. 

Плотинанын курулушу 1976-жылы башталып, 1981-жылы биринчи электр энергиясын берген. Гравитациялык плотинын бийиктиги — 113, узундугу — 364 метр. Суу сактагычтын жалпы көлөмү — 370 миллион куб метр. Пайдалана турган суунун көлөмү — 35 миллион. ГЭСтин кубаттуулугу — 800 МВт, ал эми жыл ичинде орто эсеп менен бөлүп чыгарган энергиясы — 2,63 миллиард киловатт саат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0