Баткен: тамтыгы чыккан маданият үйү

Жазылуу
Элет жериндеги маданият мекемелеринин айрымдары гана иштеп келсе, көбүнүн абалы мышык ыйлаарлык. Кээсинин тамтыракайын чыгарып, жыгач ташын ошол айылдын эле тургундары талап кеткен. Ал эми жергиликтүү бийлик буга мамлекет тарабынан жасалган көңүлкош мамиле себеп экенин айтып алакан жаят.

Мектепке бараткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Курулушу бүтпөгөн мектептер, 8 чакырым жолду басып окуган окуучулар
Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы жайкы маданият үйүнүн иштебей калганына эки жылдан ашык убакыт болду. Совет доору урагандан кийин маданият үйү кароосуз калып ремонт иштерине каражат бөлүнбөй ичиндеги эмеректер талкаланып жок болгон. 

Аталган жайдын жетекчиси Чынара Бахадир кызы эки жылдан бери айылдагы маданий иш-чаралар мектепте өтүп келе жатканын айтса, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын маданият бөлүмүнүн башчысы Айсулуу Ходжаева жайкы маданият үйүнө 2009-жылы 100 миң сом бөлүнгөнүн, ал косметикалык ремонттон ашпаганын белгиледи.

"Сахнанын чатыры жабылган, бирок жакшы каралбай жатып ал дагы талкаланып бүттү. Элге биринчи мектеп, бала бакча керек экен. Ал эми маданий объектилерге анча муктаждык жоктой мамиле жасалып келет", — деди ал.

Белгилей кетсек, Баткен районунун аймагында бүгүнкү күндө 15 айылдык клуб болсо, анын үчөө авариялык абалда.

Жаңылыктар түрмөгү
0