Балдар үйүнөн башталган өмүр. Карылар үйүнө баргысы келбей, гаражда жашаган аксакал

Жазылуу
Ош шаарында 86 жаштагы Ражап Абдыкааров беш жылдан бери жайы-кышы дебей өзү сатып алган гаражда күн кечирип келет. Балдар үйүндө тарбияланып, беш баланы бутуна тургузган карыя бүгүн кайрадан бактысыз балалыкты эске салган карылар үйүнө барууга ниети жок.

Ражап аксакал бул гаражды мындан беш жыл мурда сатып алгандыгын, кезегинде башкалардай эле түтүн булатып, беш баланы бутуна тургузгандыгын айтып берди. 

"Тагдырдын буйругу менен үчүнчү жолу беш балалуу жесир аялга үйлөндүм. Эки уул, үч кызды бутуна тургузуп, үйлөп турмушка узаттык. Бир уулубуз кырсыктан каза болуп калган соң аялым күйүттөн кете берди. Ал каза болгон соң уул, кыздардын баары өз алдынча кетип, катышпай калышты. Өгөй бала боор бербейт экен", — деди ал.

Ал унаа кырсыгына кабылып, операция болгондон кийин дагы эле өз алдынча баса албагандыктан учурда шаардык ооруканалардын биринде дарыланууда.

Биз менен болгон маегинде аксакал карылар үйүнө баргысы келбегендигин, ал жер балдар үйүн элестетип турарын айтты.

"Карылар үйүнө баргым жок, балдар үйү көңүлүмө көк таштай тийгендиктен, гараж болсо да ушул жерде баш калкалап келем. Кышкысын аябай суук болот. Мешке көмүр жагып кыштан чыгам. Эгерде тиешелүү жетекчилерге үнүм жетсе, калаадан бир аз шарты бар бир бөлмөлүү батирге жардам беришсе жакшы болмок… Телефон номеримди айтып койсом, ал — 0550 717153…", — деди Абдыкааров.

Азырынча күн жылуу, жакында күн чыкыроон тартса, аксакалдын абалы кандай болор экен деген ой менен гараждан узадык.

Ош шаарындагы 86 жаштагы Ражап Абдыкааровдун гараждагы жашоосу тууралуу кеңири маалыматты Sputnik Кыргызстан даярдаган төмөнкү материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0