Атамбаев: катарындагы "айбандарга" карабай тартип сакчылардын эмгегин унутпаш керек

Жазылуу
Өлкө башчы бүгүн, 31-октябрь күнү милиция кызматкерлери үчүн курулган көп кабаттуу үйдүн ачылыш аземине катышты.

Президент өз сөзүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы жана жаңы конушу менен куттуктап, муну менен бирге аларды курулай жаманатты кылууга болбой турганын белгиледи.

"Айбандар" дайым боло келген. Керек болсо Ак үйдүн 7-кабатында президенттин кабинетинде да отурган. Буларга карабастан күч түзүмдөрүндө иштегендердин эмгегин унутууга болбойт. Дал ушулар терроризмди тизгиндеп турушат. Азырынча бизди Кудай сактап жатат. Демек, биз укук коргоо органдарында иштегендерге көбүрөөк кам көрүшүбүз керек, анткени алардын кечинде жумуштан кайтар-кайтпасы белгисиз", — деди президент.

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үч үйдүн курулушу 2016-жылдын январь айында башталып, ага 437,9 миллион сом жумшалды. Бардыгы болуп 207 милиция кызматкери турак жай менен камсыздалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0