Дүйнө тасмаларындагы мыкты музыкалар кыргыз оркестринин аткаруусунда

Жазылуу
Өлкөдө алгачкы жолу "Жылдыздар согушу" киноэпопэясынан, "Индиана Джонс", Кариб деңизинин каракчылары", "Гарри Поттер" өңдүү тасмалардан алынган музыкалар кыргыз оркестри тарабынан жандуу ойнолот.

"Игра престолов" обонун "Ордо Сахна" кыргызча жаңыртты
Мамлекеттик филармониянын алдындагы камералык оркестр "Мыкты тасмалардагы мыкты музыка" деп аталган өзгөчө программа менен концертке анонс катарында видеоролик көргөздү.

Алдыңкы тасмалардан алынган музыкалык концерт Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониянын 80 жылдыгына катара өткөрүлөт.

Өлкөдө алгачкы жолу "Жылдыздар согушу"киноэпопэясынан, "Индиана Джонс", Кариб деңизинин каракчылары", "Гарри Поттер","Терминал", "Хатико: эң жакын дос", "Полиция академиясы" жана башка атактуу тасмалардан алынган мыкты музыкалар кыргыз оркестри тарабынан жандуу ойнолот.

Концерт 5-ноябрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0