Минск шаарынын аэропортунан Жээнбековду гүл көтөргөн кыз тосуп алды

Жазылуу
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жана КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын кеңешине катышуу үчүн Минск шаарына келди.

Жыйында ЕАЭБге жана КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташуусунун маселелери каралат.

Заседание Правительства КР, где обсуждался проект о республиканском бюджете - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: экономикадагы терс динамика октябрда оң багытка өзгөрдү
Иш сапардын алкагында Жээнбеков КМШнын Аткаруу комитетинин катчысы Сергей Лебедев менен жолугуп, Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтө турчу КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынынын күн тартибин талкуулады.

Андан кийин Жээнбеков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жолугушуусуна катышты. Ал кеңири курамда дагы уланат.

Ошондой эле, бул сапардын алкагында КР өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Жээнбековдун эки тараптуу жолугушуулары пландалган.

Кыргызстандан барган делегациянын курамында вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Олег Панкратов, Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу Замирбек Айдаров, Мамлекеттик бажы кызматынын милдетин аткаруучу Азамат Сулайманов жана башкалар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0