Эки ай мурун жоголуп кеткен окуучу кыз Айперинин алгачкы маеги

Жазылуу
15 жаштагы Айпери өзүн "уурдап кеткен" киши менен чек арадан кантип өткөнүн жана ага кандай мамиле кылганын айтып берди.

Эки ай мурда жоголгон Айпери Сүймөнкул кызы Кыргызстанга кайтты. Ал үйүнөн өз ыктыяры менен кетпегенин Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирди.

Энесин ала качып кетишкен:6 жашар бала оорулуу таянеси менен бөбөгүнө тамак жасап берет - Sputnik Кыргызстан
Энесин ала качып кетишкен: 6 жашар бала оорулуу таянеси менен бөбөгүнө тамак жасап берет
Эске салсак, 21-августта Сокулук районундагы Шалта айылында наабайканада иштеген 15 жаштагы Айпери аттуу кыз жоголгон. Кыздын туугандары аны чогуу иштеген 29 жаштагы Кубанычбек аттуу жигит ала качып кетиши мүмкүн деп шектенишкен.

Окуучу кыздын айтымында, аны наабайканада иштеген Кубанычбек уурдап кеткенин, ага ал жактан кол көтөргөнүн да айтты.

Айпери менен Кубанычбек чек араны суудан кечип өтүшкөн деген маалымат тастыкталды.

Милиция кызматкерлери 29 жаштагы Кубанычбек менен өспүрүм кызды Казакстандын Алматы облусунан табышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0