Көр талаш: Ак-Сууда башка диндин өкүлүн жерге берүүдө чыр чыкты

Жазылуу
Маркум аял башка динди кармангандыктан жергиликтүү тургундар анын айылдагы мүрзөгө коюлуусуна каршы чыгышкан.

Мусулмандар мүрзсөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көр азабы. Эки метр жер буюрбаган эне үч жолу көмүлдү
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылында жергиликтүү тургундар башка динди тутунган аялдын сөөгүн аймактагы мусулмандар көмүлгөн мүрзөгө коюуга каршы чыккан. Ошондон улам акимдин кийлигишүүсү менен башка аймактан жер берилген. Бул туурасында Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсейитов билдирди.

Жергиликтүү молдо Алмазбек Сагындыков Sputnik Кыргызстан агенттигине башка диндин өкүлүн алысыраак жерге берсе болорун билдирди. 

"Ислам боюнча башка диндин өкүлүн алысыраак жерге көмсө болот. Мусулман адамдын сөөгү менен башка дин өкүлүнүн сөөгүнүн ортосунда суу агып турса же дөң болсо шартка ылайык болот", — деди молдо. 

Ал эми жергиликтүү тургун Гуля Хасанакунова маркум аял жакшы киши экендигин айтып, убагында бир туугандарын баарын бутка тургузганын кошумчалады. 

Ал эми чиркөөнүн кызматкери Канат Жунушалиев бийлик өкүлдөрү маселени чечүүдө үн катпаганын сынга алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0