Апасын сагынып, сөйкөсүн сатып Россияга камынган кыздын таенеси окуя тууралуу айтты

Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында Өзгөн шаарындагы мунаранын жанынан Өзгөн райондук милициясынын кызматкерлери рейд учурунда окуучу кызды тапкан. Ал кыз аты Малика экенинен башка эч нерсе айтпай койгондуктан, милиция бул кыздын жакындарын табууга коомчулукту көмөктөшүүгө чакырган.

Көз жаш, жокчулук. Энеси Екатеринбургда жоголгон кичинекей кызы жөнүндө айтып берди
Ош ИИББ 18-октябрь күнү ал кыздын ким экени аныктаган. Ал 1999-жылы туулган Э. аттуу 11-класстын окуучусу Өзгөн районунун Саламалик айыл аймагына караштуу Кызыл-Чарба айылынын жашоочусу болуп чыккан. Ал таенесине берилген.

Кийин Россияда иштеген апасын сагынган кыз сөйкөсүн сатып энесине жөнөгөнү белгилүү болгон. Беш жылдан бери кызды карап келе жаткан таенеси Бүайша Асанбекова эне учурда 65 жашта. Баатыр эне жети кыз, үч уулдун энеси. Небереси 11-классты аяктап таятасынын жолун жолдоп физика мугалими болом деген тилеги бар экендигин айтат. 

"Окууда да алдыңкылардын катарында. Мектепте сүрөтү илинип турат. Бул небере кызымды 5 жылдан бери өзүм багып чоңойтуп келе жатам. Кийим, тамак-аштан эч кандай камы жок. Болгон күчүмдү жумшап энелик мээримимди төгүп карайм. Анткени өзүм 10 баланы төрөп чоңойткондуктан баласаакмын. Башка да неберелеримди карап чоңойтуп жатам. Кыздын апасы учурда Россияда иштеп жүрөт. Кызыл-Тоо айылына турмушка чыгып бир уулу, бир кызы бар эле, жолдошу менен жылдызы келишпей ажырашып кеткен. Ошондон бери эки неберемди өзүм карап келе жатам. Атасы Замир Россияда иштеп жүрүп мындан эки жыл мурун унаа кырсыгынан каза болуп калды. Апасы Элнура учурда 37 жашта, экинчи ирет турмушка чыгып уулдуу болду", — деди Бүайша эне. 

Ал небересинин канчалык көзүнө карап мээримин төккөн менен апасынын ордун баса албасын айтып кейиди. 

"Бала экен да, канчалык мээрим төксөм да апа боло албайт экем. Энесин сагынып ушул окуя болуп кетти. Кызым былтыр бир жыл мурун келип кеткен", — деди таянеси. 

Таяне небересин чоң энесине кетти деп көңүлү жай отурган. Өзгөн райондук социалдык башкармалыгынын кызматкерлери чалгандан кийин гана небереси сөйкөсүн сатып апасына жөнөгөндүгүн уккан. 

Кара-Суу райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Куттубек Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Абдылдаев: картондо уктаган Исхак жана анын бир туугандарына жөлөк пул чектелди
"Таене, кечирип коюңуз, экинчи мындай ишке барбайм деп кечирим сурады. Көрсө, неберем апасын катуу сагынып, чоң энесинин Кызыл-Тоо айылындагы үйүнө баратып, жолдон Өзгөн шаарына түшүп, сөйкөсүн эки миң сомго сатыптыр. Бала да, кызыгып калаадагы мунараны көрөм деп ичине кириптир. Ошол жерден милиция кызматкерлери алып кетиптир", — деди эне. 

Ал небереси 11-классты аяктаары менен апасы Россияга өзү менен кошо алып кетип жогорку окуу жайында таежелеринин жардамы менен окутаарын айтат. Окуучу кыз апасы менен телефон аркылуу күн сайын байланышарын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0