Ван Даммдан өтүп шпагатка отурган 71 жаштагы ат-башылык аксакал сырын айтты

Жазылуу
Шпагатка отуруп айтылуу Жан-Клод Ван Даммга чакырык таштаган Жумаалы Абдурахманов Ат-Башы районунун Казыбек айылында жашайт. Ал азыр 71 жашта. Жетимиштин кырын ашкан аксакал биздин кабарчыга өз өнөрүн көрсөтүп берди.

Бул аксакалдын сүрөтү Интернетке тарап, анын шпагатка отурганына көбү болгондор тан беришкен. Атактуу актер Жан-Клод Ван Даммга салыштыргандар да болгон. 

Аксакалдын айтымында, ал шпагатка отурууну 2004-жылы өзү үйрөнүп алган. Такай дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, айылды аралап чуркап да турат.

"Күндө таңкы саат төрт жарымда турам. Азан айтылгандан кийин намазымды окуйм. Андан кийин 20 мүнөттөй көнүгүү жасайм. Кимдир бирөөгө мактанайын, же турнирге катышып сыйлык алайын дебейм. Бул менин жашоо образым болуп калды", — дейт Абдурахманов.

Казак интернет айдыңын жарган кичинекей кыргыз кикбоксчулар
Ал айрым көнүгүүлөрдү неберелеринен үйрөнгөнүн кошумчалады.

Ошондой эле өзү курактуу абышкаларга караганда жеңил отуруп-турарын айтат. Бирок өмүр бою трактор айдап иштегендиктен азыр тизелери, чыканактары, бутунун баштары ооруй турганын белгиледи.

"Трактор айдап жүрүп пенсияга чыктым. Азыр 8 миң сом пенсия алам. Эң кичүү уулумдун колундамын", — деди ал.

Жумаалы аксакалдын жети баласы бар. Алардын экөө кыз, бешөө эркек. Балдарынын улуусу 42 жашта болсо, кичүүсү 34 жашта. Учурда 28 небере, 2 чөбөрөнүн бактылуу чоң атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0