Дайынсыз кеткен Айпери ата-энесине чалып, издөөнү токтотууга үндөдү

Жазылуу
Бир жарым ай мурун жоголгон Айперинин туугандары кызды кулчулукка сатылып кетти дешсе, мурунку иштеген жери үйүнөн качып кеткендигин айтышууда.

Үстүбүздөгү жылдын 21-август күнү Шалта айылынын 14 жаштагы тургуну Айпери жоголгон. 

Анын туугандары буга чейин Айпери менен наабайканада чогуу иштеген Кубанычбектен шек санап жаткандарын айтышууда. 

"Кызым жоголгон күнү наабайкананын жанындагы дүкөнгө кеткен бойдон келген жок. Менин ден соолугум начар болгондуктан иштей албай, кызым жумушка орношкон эле", — деди атасы Сүймөнкул Эржанов. 

Апасы Асел Сариева ошол күнү кызынын артынан издеп барганын айтат. 

"Мен наабайканага барсам эле ал жактын ээси Жусупбек "күйөө балалуу болушуңуз менен" деп куттуктап калды. Мен ыйлап жибердим. "Кимге турмушка чыкты" десем чогуу иштеген Кубага (Кубанычбек) деп айтты", — деди Сариева. 

Ал эми наабайкананын ээси Дилбар Мамашева кыз жоголгон күнү Кабанычбек Айпериге жолук салууну суранганын кошумчалады. 

"Менден сурангандыктан Айпериге жолук салбайм, бул мектепте окуйт дедим. Анан Айпери ыйлап чыгып кетти. Артынан Куба жөнөдү. Ошондон бери көрө элекмин", — деди Мамашева. 

Энесин ала качып кетишкен:6 жашар бала оорулуу таянеси менен бөбөгүнө тамак жасап берет - Sputnik Кыргызстан
Энесин ала качып кетишкен: 6 жашар бала оорулуу таянеси менен бөбөгүнө тамак жасап берет
Анткен менен Айперинин апасы кызы турмушка чыккан эмес деген пикирин билдирди. 

"Азыр наабайкананын ээлери кызымды өзү качкан дешүүдө. Менин кызым андай эмес. Бир нече күн мурун чалып, издебегиле деп айтты. Бирок бул өзү эмес, артында бирөөлөр бар. Үнү калчылдап жатты", — деди Айперинин апасы.

Чүй ОИИБ аталган факт боюнча тергөө жүрүп жаткандыгын белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0