Бири-бирин жөөлөгөн спортчулар — ММА мушкерлеринин салмакка түшүүсү

Жазылуу
Бишкекте дүйшөмбү күнү Кыргызстанда ачылып жаткан ММА Федерациясынын ачылышына арналган турнир өтөт. Спорт дүйнөсүндө "Борода" деген ат менен белгилүү Жамал-Адам Яндиев федерацияны жетектейт.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бишкектеги соода борборлорунун биринде ММА турнирине катыша турчу мушкерлер салмакка түштү.

Оор атлетика боюнча таймаш. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Каныбек Осмоналиевдин байгеси үчүн таймаш өтөт
10-октябрда Бишкектеги спорт ордосунда ММА федерациясынын Кыргызстанда ачылышына арналган турнир өтөт. Аны спорт дүйнөсүндө "Борода" деген ат менен белгилүү Жамал-Адам Яндиев жетектейт.

Салмакка түшүү салтанатына россиялык белгилүү актер жана каскадер Александр Иншаков чакырылган. Ал көрүүчүлөргө "Бригада" тасмасы аркылуу белгилүү.

Беттешке Кыргызстандын, Тажикстандын, Азербайжандын, Ингушетиянын жана Дагестандын спортчулары катышат. Жалпысынан 12 беттеш өтөт.

Андан сырткары уюштуруучулар бишкектиктерге майрамдык маанай тартуулап, россиялык рэпер Джигандын келерин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0