Сатыкка коюлган "Ак-Кеме" мейманканасынын асмандан көрүнүшү

Жазылуу
"Ак-Кеме" мейманканасы соттун чечими менен сатыкка коюлуп, баштапкы баасы 955 миллион 805 миң 231 сом деп бычылды.

Аталган аукцион 11-октябрь күнү өтүп, ага бардык каалоочулар катыша алат. 

Оңдоп-түзөлө турган Ысык-Көл мейманканасынын абалы видеодо - Sputnik Кыргызстан
Оңдоп-түзөлө турган Ысык-Көл мейманканасынын абалы видеодо
1992-жылы Түркиядан келген насыянын арты менен курулуп баштаган мейманкана 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы белгиленгенде алгачкы конокторун тоскон. 

Анткен менен 1999-жылы мейманкана кудуретсиздик абалын жарыялап, Түркиялык Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret A.S. ишканасынын менчигине өткөн. Алар атын "Пинара" деп өзгөртүп, 2005-жылга чейин иштетишкен. Ал эми ошол жылы мейманкана Руслан Сарымсаковго өткөн. 

Түркиялык инвесторлор Сарымсаков мейманканы тартып алганын айтып, Женева сотуна кайрылган. Женева соту Кыргызстанды күнөөлүү деп таап, 11 миллион долларга жыккан. 

Ал эми кыргыз бийлиги аталган мейманканын ээсин сотко берип, утуп алган. Ушундан улам мейманкана сатыкка коюулуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0