Ливандык футболчулар Бишкек шаарын аралап, селфи жасашты

Жазылуу
Аталган команда Бишкек шаарына футбол боюнча жолдоштук беттеш өткөрүү үчүн келген. Кыргызстан — Ливан курама командаларынын оюну бүгүн, 6-октябрь күнү 20:30да болот.

Ливандык футболчулар оюнга чейин шаар аралап, эстеликке сүрөткө түшүштү. Ал эми башкы машыктыруучусу Миодраг Радулович Бишкек жашыл жана кооз шаар экенин белгиледи. 

"Биз Кыргызстанда өзүбүздү эркин сезип жатабыз. Кыргыз футболчуларын сыйлайбыз. Анткени күн санап деңгээли өсүп жатат. Бүгүнкү беттеш биздин оюнчулар үчүн абдан маанилүү", — деди Радулович. 

Ал Ливандын курама командасы 2017-жылы өтө турган Азия биринчилигине кызуу даярданып жатканын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0