Майыптыгына карабай билим алган Адылжан апасына автоунаа алып берсем дейт

Жазылуу
Элдикине окшоп 12 мүчөсү толук болбосо да тагдырына таарынбаган 18 жаштагы Адылжан Шарипов учурда билим кудугун казуу менен убара.

Тагдырдын оор сыноосуна моюн сунгусу келбеген жигит күн сайын окуу жайга такси менен барат. Адылжан акчасы көптүгүнөн эмес, мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен такси менен жүрүүгө аргасыз.

Апасы Гүлнара Шарипова ар убак уулунун жанында. Таң атпай жетелеп окууга алып барып, сабак учурунда коридордо күтүп отурат.

"Уулум төрөлгөндөн эле эле грыжа болуп, башынан эки клиникалык өлүмдү өткөрдү. Бул оорунун арты менен сөөктөр ичкерип, анемияга алып келди. Бирок кыйынчылыкка карабастан абдан тырышчаак. Күн сайын сабакка такси менен алып барып, коридордо күтүп турам. Анткени балама биринчи кезекте билим алуузарыл. Бир кесиптин ээси болсо жанын багып кетээр", — деди Шарипова.

Укпай жана сүйлөй албаган Адилет эл оозуна алынган таксистке айланганда - Sputnik Кыргызстан
Укпай жана сүйлөй албаган Адилет эл оозуна алынган таксистке айланганда
Ал мурун күн-түн дебей эки иште иштегенин айтып, учурда кыздары багып жатканын кошумчалады.

Ал эми Адылжан каражат чогултуп, апакесине унаа сатып берүүнү тилек кыларын жашырган жок.

"Мен азыр 18демин. Буюрса кесипти өздөштүрүүнүн аракетинде жүрөм. Жай келсе уюлдук телефондорду оңдоп иштейм", — деди ал.

Учурда үй-бүлө такси кызматына эле 5 миң сом коротот.

Жаңылыктар түрмөгү
0