Мелдешке барчу Мелис Турганбаев буттан чалып, көтөрүп чабуу ыкмаларын көрсөттү

Жазылуу
ИИМдин мурдагы жетекчиси 54 жаштагы Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында өтүүчү чемпионатка катышып, өлкө намысын коргоого даярданып жатат.

Кыргызстандагы спорттук залдардын биринде эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында өтө турган дүйнөлүк чемпионатка Кыргызстандын атынан бара турган спортчулар даярдыгын улантууда 

Турнир Варшава шаарында (Польша) 7-9-октябрда өтөт. 

Аталган таймашка бара тургандардын бири — өлкөнүн мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев. 

"Албетте мурдагыдай эмес, буга чейин алган жаракаттар козголот. Анткен менен акыркы үч ай ичинде жакшы даярдандым. Андыктан, күрөшөбүз", — деп айтып берди Sputnik Кыргызстандын кабарчысына мурдагы министр Турганбаев.

Килем үстүндөгү күрөш балбандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спорт жана бийлик: федерациянын эки тизгин бир чылбырын колго алган атка минерлер
Экс-министр Спорттук күрөш боюнча федерациянын вице-президенти азыр 54 жашта. Анын спаринг-өнөктөшү Ажыбек Майназаров спортчу "20 жаштагы жигиттей" күрөшө тургандыгын айтты. 

Турганбаевден сырткары өлкөнүн намысын ардагерлер арасында учурдагы чемпион Чынарбек Изабеков коргойт. Үчүнчү спортчу — Нарын облусунун Тоголок Молдо айылынын 64 жаштагы тургуну, СССРдин эркин күрөш боюнча "Динамо" чемпиону Басылбек Мамытбеков. Ал 58 килограмм салмак менен чыкмакчы. Ал эми экс-министр 76 килограмм, Изабеков 97 килограммдык категорияда күч сынашат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0