14:55 20 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Видео

Көчмөндөр оюнунда Стивен Сигал кагаз калкан, жасалма булгарыдан соот кийип чыккан

Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
33820
© Sputnik / Эмиль Садыров

Сүрөтчү Жум Гунн Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Светлана Федотовага Көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышкан Стивен Сигал үчүн кийимин, Манастын тактысын жана курал-жарактарын жасоо таржымалын айтып берди.

Жум Гунн жана анын кесиптештери Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине беш күн калганда Стивен Сигалдын соот-шайманын даярдоо тапшырмасын алган.

Голливуд жылдызынын кийимин тигүүгө бир нече адам киришкен. Чыгармачыл тапкычтар курал-жарак үчүн жездин ордуна булгары жана кадимки кагазды пайдаланышкан.

"Бул каармандын кыймылы үчүн ыңгайлуу эле. Тарыхый тасмаларда дайым ушундай жасалат. Ал эми 70 килолук соот кийим менен салгылашмак тургай, кыңкая жатып туруу да мүмкүн эмес. Ошондуктан башындагы туулгасы менен калканын гипстелген калың кагаздан, соотун жасалма булгарыдан жасап, металлга түспөлдөнтүш үчүн бир нече кат кылып боедук", — деп айтып берген Гунн.

Ушул эле команда Көчмөндөр оюндары үчүн кадимки кагаздан 50 туулга жана кылыч даярдаган. Ал тургай, кагаздан Манас хандын образын жараткан актер отурган тактыны да жасашкан.

"Бекем жана кооз жабдыктарды жаратууга аябай аракет кылдык. Жеңил болгонуна карабай, алар аябай бекем жана ыңгайлуу болуп чыкты", — дейт Гунн.

Бул команда өлкөнүн улуттук колориттеги бардык ири иш-чараларын жасалгалоого катышат. Бардык эмгектер кичи устаканада даярдалып, чеберлердин колунан булгарыдан же бир жөн эле буюмдан кооз нерселер чыга келет да, майрамдардын көркүн ачат.

Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)

Тема боюнча

Стивен Сигал: беш бармактай даамдуу тамак жеген эмесмин
Бишкектик уста алгачкы жолу кыргыздардын байыркы жаасын жасады
Белгилер:
соот-шайман, курал-жарак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Стивен Сигал

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ