Өлкөнү чейрек кылым башкарган Усубалиевге эстелик коюлуп, куран окулду

Жазылуу
Борбор калаада мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин урматына арналып орнотулган эстеликтин ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов жана башкалар катышты. 

Өкмөт башчы Усубалиев коомчулукка Кыргызстандын кызыкчылыгы жеке кызыкчылыктардан бийик турарын көрсөткөн үлгүлүү фигура болгонун белгиледи. 

"Усубалиев өлкөнү башкарып турган маалда билим, маданият, экономика, медицина, айыл чарба жана башка багыттарда өнүгүү башталган", — деп билдирди Жээнбеков. 

Иш-чаранын алкагында эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0