Үшкүргөн Атамбаев. Бишкектеги КМШ жыйынында президенттер Ислам Каримовду эскерди

Жазылуу
16-сентябрда Бишкекте КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин мааракелик жыйыны өттү.

Президент Алмазбек Атамбаев КМШ мамлекеттеринин жетекчилеринин кеңейтилген жыйынында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: КМШны жакшыртуу боюнча алгачкы кадамдар башталды
Мааракелик жыйын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болду. Ага Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев төрагалык кылып, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Россия жана Тажикстан президенттери, Молдованын өкмөт башчысы, Түркмөнстандын премьер-министринин орун басары, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Украинанын Кыргызстандагы элчиси катышты.

Атамбаев сентябрдын башында көз жумган Ислам Каримовдун жаркын элесин эскерүүгө чакырып, аны чыгаан мамлекеттик ишмер болгонун баса белгиледи.

Эскерте кетсек, буга чейин КМШ мамлекеттеринин ТИМ башчылары жолугуп, саммитте талкуулануучу 14 маселени бекиткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0