Армениянын президенти Серж Саргсян Кыргызстанга келди

Жазылуу
Саргсянды эл аралык "Манас" аэропортунан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Ал КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин мааракелик жыйынына катышат.

КМШ өлкө башчылары үчүн тигилген боз үй. Ала-Арча резиденциясынан алынган кадрлар - Sputnik Кыргызстан
КМШ өлкө башчылары үчүн "тигилген боз үй". "Ала-Арча" резиденциясынан алынган кадрлар
Белгилей кетсек, буга чейин Белоруссия президенти Александр Лукашенко, казак президенти Нурсултан Назарбаев, Молдванын премьер-министри Павел Филип, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, тажик президенти Эмомали Рахмон келишкен. 16-сентябрда Бишкек шаарында КМШ лидерлеринин саммити өтөт. Бул иш сарага

Армения, Азербайжан, Белоруссия, Казакстан, Россия жана Тажикстандын өлкө башчылары келерин КР ТИМи тастыктаган. Түркмөнстандын атынан өкмөт башчынын орун басары келмей болду. Ал эми Молдованын премьер-министри жана Украинанын элчиси келсе, Өзбекстандын атынан өлкөнүн тышкы иштер министри катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0