Азербайжан президенти Ильхам Алиев кучак толо гүл алып, боорсоктон ооз тийди

Жазылуу
Алиевди Эл аралык "Манас" аэропортунан КР өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков күтүп алды.

Азербайжан президенти Ильхам Алиевди "Манас" аэропортунан кучак толо гүл жана боорсок менен тосуп алышты.

Александр Лукашенкону премьер-министр Сооронбай Жээнбеков боорсок менен тосуп алды - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке келген Александр Лукашенко менен Сооронбай Жээнбеков кучакташып көрүштү
Алиев Бишкекке КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн келди.

16-сентябрда Бишкек шаарында КМШ лидерлеринин саммити өтөт.

КР ТИМи саммитке Армения, Азербайжан, Белоруссия, Казакстан, Россия жана Тажикстандын өлкө башчылары келерин тастыктаган. Түркмөнстандын атынан өкмөт башчынын орун басары келмей болду. Ал эми Молдованын премьер-министри жана Украинанын элчиси келсе, Өзбекстандын атынан өлкөнүн тышкы иштер министри катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0