Баткен: эски чарпалектерди жаңысы алмаштырып, какыраган жерлер жандана баштады

Жазылуу
Суу адистигине ээ кызыл-белдик Жоробек Жапаров таштак жерге отургузган мөмө-жемиштерин эки жылдан бери чарпалектин жардамы менен сугарып келүүдө.

Кыргызстандык ойлоп-табуучу шамал-генераторун "ЭКСПО-2017" көргөзмөсүнө коюуга ниеттенүүдө
Суу тартыштыгынан улам акыркы жылдары Баткен облусунда көпчүлүк эгин аянттар кароосуз калып келүүдө. Жергиликтүү калк сууну үнөмдүү пайдалануу максатында тамчылатып сугаруу ыкмасына өтүп жатат. Суу тармагындагы адис, Кызыл-Бел айылынын тургуну Жоробек Жапаров Баткен районундагы суу тартыштыгынан улам какырап жаткан жерлерди өздөштүрүү максатында ушундай жаңы ыкма менен чарпалек курган. Чарпалек — тегирмен сындуу жасалган түзүлүш. Анын жардамы менен агып жаткан суудан суу алынат.

Эки жыл мурда Жапаров какырап жаткан жердин эки гектарын тегиздетип, 200 түп өрүк, шабдалы жана башка мөмөлүү дарактардын көчөттөрүн отургузган. Андан соң Кыргызстанда иш алып барып жаткан эл аралык донор уюмдардын жардамы менен тамчылатып сугаруу системасында орноткон. Жапаров тиккен мөмө-жемиштерин ошол чарпалектердин жардамы менен сугарып жатат.

Жапаров буга чейин да ата-бабалар челек орнотулган чарпалектерди колдонуп келгенин, бирок бул сапаркысы ага караганда бир топ майнаптуу экендигин айтты.

"Бул чарпалектин жардамы менен 500 метр аралыкка жана 15 метр бийиктикке сууну көтөрүп чыгып, анын жардамы менен 1 гектар жемиш бактарын сугарып жатабыз", — деди Жапаров.

Ал чарпалектин жардамы менен бир күн кечке 10 тоннага жакын суу чогуларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0