Чабандес кыздар жана 80 чакырымдык жол — Кырчындагы ат чабыш

Жазылуу
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда чоң ат чабыш болду.

КРдин Ат спорту боюнча федерациясынын вице-президенти Манас Султанов күлүктөр 80 чакырымды басып өткөндүгүн билдирди. 

"Аралыгы 80 чакырымга созулган ат чабыш болду. Бул жерде Кыргызстандан сырткары Россия, Казакстандан келген 23 чабандес катышып, байге фонду 800 миң сомду түздү", — деди Султанов. 

Большие скачки на дистанции в 80 километров в рамках II Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жеңиш Батыркулов: кыргыз да, казак да президенттеринин кубогун уткам
Ал казакстандыктар арабдардын асыл тукум күлүктөрүн алып келгенин айтып, мелдеште чабандес кыздар күч сынашканын кошумчалады. 

Белгилей кетсек, ат чабышта марага биринчи болуп Ысык-Көлдүн "Ак кула" келди. 

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0