Атактуу ырчылар жана оюн-зоок: Ала-Тоо аянтындагы майрамдык концерт

Жазылуу
Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында ар кыл конкурстар, оюн-зооктор уюштурулду.

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын желеги желбирөөдө - Sputnik Кыргызстан
Фейерверк, атактуу ырчылар жана өкмөт башчы — майрамдык концерт учурундагы сүрөттөр
Күндүз шаар тургундарын жана конокторун аскер парады кубантса, кечкисин майрамдык шоу-концерт уюштурулду. 

Анда СССРдин эл артисти Самара Токтакунова, КРдин эл артисттери Саламат Садыкова, Керим Турапов, Гүлнур Сатылганова, эмгек сиңирген артисттери Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Асел Турдалиева жана башка жылдыздар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Майрамдык концерт көз жоосун алган салют менен аяктады.

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган майрамдык салюттун асмандан көрүнүшүн бул жактан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0