Экс-президент Отунбаева Атамбаев сүйлөп жатканда сахнадан кантип түшүп кетти

Жазылуу
Бүгүн Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилеп жатат.

Экс-президент Роза Отунбаева эгемендүүлүк салтанатында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев сүйлөп жаткан маалда сахнадан түшүп кетти.

Президент Атамбаев кыргызстандыктарды куттуктап жатып, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн айланасындагы абалга токтолду. Мындай демилгенин зарылдыгын белгилеген өлкө башчы өз сөзүндө Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн кетирген кемчиликтери үчүн жоопко тартылышы керек деген пикирин айтты.

"Өз убагында алардын бири менден тамекиге акча сурап жүргөн. Эми джип минип калышты. Роза Исаковна, парламент сизди сүйлөтпөгөн учурларды унутуп калдыңызбы? Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин деле өлкөдө стабилдүүлүк орноп калган жок. Стабилдүүлүктүн өзү Баш мыйзамдын артынан келген жок", — деп билдирди Атамбаев. 

Кыргызстан учурда эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0