Жеңиш, сүрөөн, кубаныч — күйөрмандар КР футболчуларынын ийгилигин майрамдашты

Жазылуу
Кыргызстан — Казакстан жолдоштук беттешүүсү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Казакстандын курама командасы менен беттешип, 2:0 эсебинде утушка жеткен кыргызстандык футболчулардын жеңишин күйөрмандар кызуу белгилешти.

Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Казахстана по футболу на стадионе имени Долона Омурзакова - Sputnik Кыргызстан
Көптөн күткөн жеңиш. Кыргызстан — Казакстан беттешиндеги ирмемдер
Беттешүү кечээ, 30-август күнү өтүп, улуттук команданын четки чабуулчусу Валерий Кичин биринчи таймда гол киргизип эсепти ачты. Оюндун 82-мүнөтүндө жарым коргоочу Мирлан Мурзаев экинчи топту киргизип, команда атаандашынан бута атым алыс кетти.

Эскерте кетсек, аталган эки команда алгачкы жолу мындан 22 жыл мурун — 1994-жылдын 17-апрелинде Бишкекте кездешкен. Андан оюн 0:0 эсеби менен аяктаган. Ал эми андан кийинки эки оюн кыргызстандыктар үчүн ийгиликсиз болуп, Алматыдагы беттешүүдө 5:2, 2014-жылы Астанадагы оюнда 7:1 эсеби менен утулуп калган.

Эми бир нече күндөн кийин аталган эки команда бир катар беттешүүлөрдү өткөрөт. 6-сенятбрь күнү Бишкекте кыргызстандыктар Филиппиндин командасы менен жолдоштук оюнда кездешет. Ал эми казакстандык команда 4-сентбярь күнү Европа чемпионатына тандоо турунун алкагында поляктар менен беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0