Премьер, ат майданы. Кызыл отургучтарды кырып жууган кыз-келиндер

Жазылуу
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасаган сапарында Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданын текшерип, андан сырткары Дене тарбия, саламаттыкты чыңдоо комплексин көрүп чыкты.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп жаткан жооптуу кызматкерлер премьерге коноктордун тосуп алган жерден тарта, кайсы жолдор менен кире тургандыгын көрсөтүштү.

Көчмөндөр оюнуна арналып iPhone аппаратынын алтындатылган түрү - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнуна арналган алтын iPhone чыкты
Аталган аймакта даярдык иштери кызуу жүрүп, иштегендер жолдорго суу чачып, кыз-келиндерди ипподромдогу отургучтарды жышып жууп жатканын көрүүгө болот. 

Бул сапардын алкагында, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушу менен да таанышты.

II Дүйнөлүк көчмөндөр Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын 3-8-сентябрында өтөт. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0