"Ата Бейитке" колодон жасалган ири барельеф орнотулууда

Жазылуу
Мемориалдык комплексте Тарых жана маданият жылына арналган көп фигуралуу композицияны орнотуу иштери аяктап жатат. Бул тууралуу "Бедиз арт" ишканасынын директору Зоя Никитенко билдирди.

Анын айтымында, барельеф эки бөлүктөн турат. Биринчисинин узундугу 21, экинчисиники 18 метрге жетет. Экөөнүн тең бийиктиги 3,4 метр. Мында Кыргызстандын өнүгүү жолу чагылдырылган. Композиция колодон жасалып, Москвада даярдалган. Долбоорго архитектор Улан Бейшенбаев авторлук кылып, композицияны Сааданбек Ажиев түзгөн.

Бишкек мэриясы борбор калаанын астанасындагы Аска-Таш архитектуралык комплекси - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин кире беришиндеги саамалык — "Аска-Таш" комплекси "алтынга" боелду
"ЖБИ Сервис" ишканасынын директору Адыл Эсенбеков барельеф 2-сентябрга карата орнотулуп бүтөрүн белгиледи.

Авторлор долбоордун эскизин президент Алмазбек Атамбаевге апрель айында эле көрсөтүшкөн. Мындан тышкары, өлкө башчы "Ата-Бейитте" салынып жаткан эстеликтин курулушу боюнча маалымат уккан.

Скульптор Сааданбек Ажиев менен архитектор Улан Бейшенбаевдин чыгармачыл тобу мемориалдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жарыяланган ачык сынактын жыйынтыгы менен жеңүүчү деп табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0