Ажайып Кыргызстан: Өзгөн мунарасы

Жазылуу
Өзгөн архитектуралык комплекси 11-12-кылымдарга таандык. Ал Ош шаарынан 54 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Өзгөн шаары биздин заманга чейин II-I кылымдарда түптөлгөн. Ал эми ХI-XII кылымдарда Караханиддер мамлекетинин борбор калаасы болгон. 

Комплекс мунарадан жана үч күмбөздөн турат. Бул тарыхый эстеликтердин баары бир мезгилде курулган эмес. 

Шамси капчыгайы. Бул ажайып жер Чүй облусунда жайгашкан жана Кегети өрөөнүнө кирет - Sputnik Кыргызстан
Саякатка чакырган Кыргызстандын ажайып он беш сүрөтү
Айтылуу Өзгөн мунарасынын алгачкы бийиктиги 44 метрге жеткен. Бирок убакыттын өтүшү менен чөгүп, азыркы учурда бийиктиги 27,5 метрди түзөт.

Күмбөздө караханиддердин өкүмдарларынан сөөктөрү коюлган. 

Ортоңку күмбөз 11-кылымдын башында курулуп, ал жерге Караханид мамлекетинин негиздөөчүсүнүн сөөгү коюлган. Ал эми 1153-жылы курулган түндүк күмбөзгө Насыр-ибн Алинин чебереси, карахандардын ханы Тогрул Хусейин Хасандын сөөгү коюлса, 1187-жылы салынган түштүк күмбөзгө Караханид мамлекетинин аскер башчыларынын сөөктөрү коюлган. 1974-жылы Ленинграддан келген археологдор күмбөздү казып, 60ка чукул сөөк табышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0