Президенттин мактоосуна арзыган кыргызстандык футболчу кыздардын сүйүнүчү

Жазылуу
Футболчу кыздар баштапкы он оюндун тогузунда мөрөйгө жетип, бирөөсүндө жеңилип калган.

Президент Алмазбек Атамбаев футбол боюнча дүйнө биринчилигинде 2-орунду ээлеген кыздардын курама командасын кабыл алды.

Президент Алмазбек Атамбаев футбол боюнча дүйнө биринчилигинде 2-орунду ээлеген кыздардын курама командасын кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев көчө футбол боюнча дүйнө биринчилигинде 2-орунду ээлеген кыздарды кабыл алды
Эске сала кетсек, буга чейин көчө футболу боюнча Кыргызстандын кыздарынын курама командасы Шотландияда өткөн дүйнө биринчилигинде 2-орунду ээлеген.

Атамбаев көчө футболу боюнча кыздардын курама командасына 300 миң сом тапшырып, футбол тобуна кол тамгасын калтырды.

Чейрек финалда кыргызстандыктар 9:2 эсебинде Индиянын курама командасын уткан. Жарым финалда Шотландиялык атаандаштары менен беттешип, аларды 8:3 эсеби менен жеңип алган. Ал эми финалда кыргызстандыктар Мексиканын командасы менен беттешип, аларга 5:0 эсебинде утулган.

Оюндун соңунда кыргызстандык дарбазачы кыз Наталья Гайворонская "Мыкты дарбазачы" наамына ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0