Азимжан Аскаровдун соту ызы-чуу менен коштолду

Жазылуу
Буга чейин укук коргоочулар БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимин бетке кармап, Аскаровду бошотуу талабын коюшкан.

Жогорку сот Азимжан Аскаровдун ишин иликтөөнү Чүй облустук сотуна тапшырып, Жалал-Абад облустук сотунун буга чейинки өкүмдөрүн жокко чыгарды.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Прокурор: Аскаровду тартип коргоо кызматкерлери эмес, камералашы сабаган
Улуттар аралык жаңжалды козуткан, милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп өмүр бою абакка кесилген Азимжан Аскаровдун жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишин Жогорку сот 12-июлда карады.

Буга чейин укук коргоочулар БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимин бетке кармап, Аскаровду бошотуу талабын коюшкан.

Сот отурумунда Ош окуясында каза болгон Мыктыбек Сулаймановдун сотко катышып жаткан жакындары Аскаровдун жактоочуларына нааразычылыгын билдирип, ортодо катуу кайым айтышуу болуп кетти.  

Кыргызстандын жараны Азимжан Аскаров сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандырып, массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо органында иштеген кызматкерди ырайымсыз түрдɵ ɵлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгон. Куралсыз 13 милиция кызматкери нааразы болгон топко түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштаганда, ал топ тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн аёосуз сабап, ал эми аймактык милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүп, өрттөп жиберишкен. 

Июль айында (2015-жылы) АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан Азимжан Аскаровго "Адам укугунун коргоочусу" сыйлыгынын ыйгарылышы Кыргызстанда нааразычылыкты жараткан.

Ага жооп иретинде Кыргызстан АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган кɵмɵк кɵрсɵтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташуу келишимин бир тараптуу жокко чыгарган.

2016-жылдын 21-апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттеринин доклады жарыяланып, анда "Аскаров мыйзамсыз жана адам чыдагыс абалда кармалып турат, андан сырткары уруп-согууга да кабылган" деп жазылган. Ушундан улам, БУУнун эксперттери Аскаровду бошотуу талабын коюшкан.

ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросу менен Прессанын эл аралык институту дагы Азимжан Аскаровду бошотууну талап кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0