Ажайып Кыргызстан: суктанып көз талбаган Чоң-Ак-Суу капчыгайы

Жазылуу
Капчыгай — Ысык-Көлдөгү көзгө басар кооз жерлердин бири. Жай башталары менен жергиликтүү тургундар кучагын кенен жайып, туристтерди тосуп алууга ашыгат.

Ажайып Кыргызстан: Манас ордо улуттук тарыхый-маданий комплекси - Sputnik Кыргызстан
Ажайып Кыргызстан: "Манас ордо" улуттук тарыхый-маданий комплекси
Узундугу 35 чакырым келген Григорьев капчыгайы Чолпон-Атадан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аны жергиликтүү эл Чоң-Ак-Суу деп атайт. Капчыгайда бийик чокулуу тоо жок, ошондуктан боз үй тигүүгө өтө ыңгайлуу. Андай конушту мында жыл сайын июндан сентябрга чейин жергиликтүү тургундар чычырканак, дан куурай, бөрү карагат өсүүчү төштө уюштурат. 

Капчыгайда деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте мөңгүлөрдүн таасиринен пайда болгон үч көл жана Кум-Бел (4200 метр) менен Эшен-Булак (4647 метр) деп аталган ак кардуу чокулар бар.

Кыргызстандын кайсыл жерине барып, кантип эс алыш керектигин Sputnik агенттигинин материалынан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0