Үмүтсүз — шайтан… Баспай калган 12 жашар Тилек далай дабанды ашарына көзү жетет

Жазылуу
Атасы менен балмуздактын таякчалары менен түрдүү чакан имараттарды жасаган кичинекей майып бала Кырнетте аябай талкуу жаратты. Тилек Алтымышев менен болгон маек жарыялангандан кийин Sputnik Кыргызстан редакциясына чакан имараттардын макетин сатып алууну каалагандар чалышууда.

Тилектин атасы Нурбек Курманалиев коом тарабынан мындай колдоо болорун күтпөгөнүн айтат. Күн сайын чакан үй жасап берүү сунуштары же, жөн гана алар кандай жашап жатканын сураган жарандардын аягы сууй элек.

"Азыр бизге аябай көп көңүл бөлүп жатышат. Күндө бир нече киши чалып, алар үчүн мечит же үй жасап берүүнү суранышууда. Айрымдары жөн гана жардамын беришүүдө", — деди ал.

Тилек коомдун ага болгон мынчалык көңүл буруусун атасы сыяктуу толкундануу менен эмес, жай гана кабыл алууда.

"Эгер маанайым жакшы болсо, чакан үйдү бир күндө эле жасап бүтөм. Мечитти жасоо бир аз оор", — дейт ал.

Ювенилдүү артрит оорусуна чалдыккан он эки жашар Тилек Алтымышев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баспай калган 12 жашар Тилек үй-бүлөсүн багыш үчүн үй сатып оокат кыла баштады
Учурда Тилектин үй-бүлөсүнүн башкы максаты аны бутуна тургузуу. Ага Израилда жасала турчу операциянын баасы 100 миң доллар турат. Мындай каражат аларда жок. Нурбек жергиликтүү дарыгерлерге бир нече жолу кайрылган, бирок алар баланын ден соолугуна эч кандай жардам бере албай тургандыктарын айтышкан.

"Алты саны аман төрөлгөн, авариядан кийин бир канча убакытка чейин басып жүрдү. Бирок беш жылдан бери бала коляскада отурат. Баламдын басып кетиши үчүн бардык аракетти көрөм. Бирок, көп өлчөмдөгү акча бизде жок", — дейт Нурбек Курманалиев.

Учурда Тилек атасы менен жаңы мечитти жасап жатышат. Ал анын эмгегин баалап жаткандарга ыраазы.

Жаңылыктар түрмөгү
0