Жапайы жаныбар мадыл адам колуна акырындап көнө баштады

Жазылуу
Дүйшөмбү күнү Германиянын жаратылышты сактоо союзунун (NABU) "Барс" деп аталган атайын тобунун адистери Кызыл китепке киргизилген сейрек кездешүүчү жаныбарды өздөрүнүн асыроочу жайына алып келишти.

Мадыл асыроочу жайга түнөгөндөн кийин, адам колуна кадыресе көнө түшкөнүн байкоого болот.

Кыргызстандагы илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы илбирстин жүргөн жерлери спутник аркылуу көзөмөлдөнүп баштады
Адистердин айтымында, жаныбарды Ысык-Көлдөгү реабилитация борборун жеткиришет. Ал жерден ирдентип алган соң, мадылды буга чейин жашап жүргөн аймагына коё беришет.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Кочкор районун Дөң-Алыш айылында 4-класстын окуучусу Эмил уулу Мырзабек иттердин жардамы менен мадыл кармап алып, аны жергиликтүү мергенчиге алып келип бергени айтылган. Аңчы аны мектептин зоологиялык музейине өткөрүп берген. Капаска камалган жапайы жаныбар алсырап, жүдөп кеткенден кийин аны коё берип жиберишкен. Бишкектен шашылыш жетип барган адистер сейрек кездешкен мадылды тирүү таап алганга үлгүрүшкөн.

Кыргызстанда сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарлардын сүрөт топтомун Sputnik Кыргызстан агенттигинин түрмөгүнөн көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0