Атамбаев Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууну колдой турганын айтты

Жазылуу
Алмазбек Атамбаев Ташкентте ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кеңири курамдагы 15-юбилейлик саммитине катышты.

Кол алышуу жана кучакташуу. Атамбаев ШКУнун Ташкенттеги саммитине каты - Sputnik Кыргызстан
Кол алышуу жана кучакташуу. Атамбаев ШКУнун Ташкенттеги саммитине катышууда
Атамбаев өз сөзүндө меймандостугу үчүн Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстан быйыл ШКУ өкмөт башчыларынын кеңешинде төрагалык кыларын белгилеп, өлкөнүн экономикалык чөйрөдөгү кызматташууну алга жылдыруу аракеттери тараптардын колдоосуна ээ болоруна ишене тургандыгына токтолду.

Президент уюмдун долбоордук ишмердигин финансылык камсыз кылуу жана өнүктүрүү фонду менен ШКУ өнүктүрүү банкын түзүүнү тездетүүнүн маанилүү экенине көңүл бурду.

Мамлекет башчы бул түзүмдөр соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп эсептейт.

"Ошондой эле ШКУ өнүктүрүү банкынын башкы кеңсеси Бишкекте болгону Кыргызстан үчүн принципиалдуу мааниге ээ экендигин эске сала кетким келет", — деп белгиледи Атамбаев.

Мындан тышкары, президент Жибек Жолу экономикалык алкагын түзүү боюнча Кытай тараптын демилгесин иш жүзүндө алга жылдырууну тездетүү Кыргызстан үчүн маанилүү экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0