Райондун акими өрт тууралуу: батирлердин ачкычы жок болуп, өрттү өчүрүү татаалдашууда

Жазылуу
Үйдүн жашоочулары толугу менен эвакуацияланганын кырсык болгон жерде жүргөн Биринчи Май районунун акими Аскар Алиев билдирди.

Күйүп жаткан үйдөгү батирлердин ачкычы жок болгондуктан өрттү өчүрүү татаал болуп жатат. Бул тууралуу кырсык болгон жерде жүргөн Биринчи Май районунун акими Аскар Алиев айтып берди.

Анын айтымында, имарат пайдаланууга бериле элек болгону менен батирлердин теңинде эл жайгашып, ремонт иштери жүрүп жаткан.

"Жашоочулардын баары өрттөнүп жаткан үйдөн да, коңшулаш үйлөрдөн да эвакуацияланды. Батирлердин ачкычы жок болгондуктан өрттү өчүрүү татаалдашып жатат", — деди аким. 

Бишкектин чок ортосундагы көп кабатту үй өрттөнүп жатат - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги көп кабаттуу үй жалындын кучагында калды
Ал күйүп жаткан батирлерге кирүүнү камсыздоо үчүн кырсык болгон жерге үйдү курган компаниянын өкүлдөрү чакырылганын белгиледи. 

Эскерте кетсек, бүгүн кечинде Панфилов менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 12 кабаттуу үйдө өрт чыгып, жогорку кабаттары, жалпы жонунан 1000 чарчы метр аянтты жалын курчаган. Имараттын айланасы тосулуп, 50гө чукул милициянын кызматкери жүрөт. 

Күйүп жаткан көп кабаттуу үйдүн асмандан көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0