Кайырчынын акчасын уурдап кетти — социалдык эксперимент

Жазылуу
Көчөдө акча сурап отурган кишинин "акчасын алып кеткен" социалдык экспериментке катышкан Эркин Алымбековду жарандар аз жерден сабап сала жаздашты.

Шаардыктардын көз алдында селсаяктын акчасын алып кетсе алар кандай аракеттерге бара турганын билүү үчүн кезектеги социалдык эксперимент тартылды.

Сценарий боюнча кайырчынын акчасын алып кетиш керек болчу. Кара өзгөй кишинин ролун бул жолу журналист Эркин Алымбеков ойноду. Ал эми селсаяктын ролун Виктор ойноду, ии баса, ал өзүн ойноду.

"Башында кишилер селсаякка болушпайт го деп ойлогом. Бирок шаар тургундары жардам берүүгө даяр экенин далилдешти. Керек болсо мени сабап салчудай кыр көрсөтүштү", — дейт Алымбеков.

Жалпысынан жыйырма жолу жасалган аракеттин 15де кишилер катуу же жумшак түрдө мага өз реакциясын көрсөтүштү. Аялдар мага жай гана эскертүү берип жатышты.

Бишкектеги соцэксперимент: ала качып бараткан кызга жардам бере аласызбы? - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги соцэксперимент: "ала качып" бараткан кызга жардам бере аласызбы?
Селсаяк Виктор эксперименттин жыйынтыгына ыраазы болду. Ошентсе да анын акчасын айрымдары билгизбей уурдап кетерин билдирди.

"Чынында күндө мындай окуя бир жолу болсо да болуп турат. Айрымдарын байкасам, айрымдарын көрбөй калам", — дейт ал.

Социалдык эксперименттин максаты — жарандардын социалдык жоопкерчилигин көтөрүү жана адамдардын жардам берүү сезимин жогорулатуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0